Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 2
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2019-2021 жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХI-чакырылышынын XIX-сессиясы 2019-2021 жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 6689,9 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 6689,9 мин сом менен сунушталсын
2. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 6842,1 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 6842,1 мин сом менен сунушталсын
3. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 6995,7 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 6995,7 мин сом менен сунушталсын
4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Чоюбековага жүктөлсүн.
Төрага | Э.Бейшебаев |