Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну №2
Боо-Терек айылынын тургуну Сыдыгалиев Самидиндин ашык жер тилкесинен жол чыгарып берүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышындагы XХ- сессиясы, Боо-Терек айылынын “Күмүштак” жамаатынын жазган арызынын жана Бакай Ата райондук мамлекеттик админстрациясынын 2018-жылдын 25-апрелиндеги №04-17/428 сандуу катынын негизинде Боо-Терек айылдык кеңеши карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылынын тургуну Сыдыгалиев Самидинге тиешелүү жер тилкесиндеги ашык болгон 0,34 га жеринен жол чыгарылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Н.А.Эсералиевага жана жер, турак жай коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси Дж.Т.Аблаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Э.Бейшебаев |