Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-ноябры №8\25
Кыргыз Республикасында жарды катмардын жашоо денгээлин жогорулатуу боюнча иш чаралар планын ишке ашырууда Кош-Дөбө айыл аймагында аткарылган иштер тууралу соц.адис Н.Агзымовдун отчету
Айыл аймагында Кыргыз Республикасында жарды катмардын жашоо денгээлин жогорулатуу боюнча иш чаралар планын ишке ашырууда Кош-Дөбо айыл аймагында аткарылган иштер тууралу соц.адис Н.Агзымовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында жарды катмардын жашоо денгээлин жогорулатуу боюнча иш чаралар планын ишке ашырууда Кош-Дөбо айыл аймагында аткарылган иштер тууралу соц.адис Н.Агзымовдун ишине канааттандырарлык деп баа берилсин.
2. Жаш өспүрүмдөргө карата зордук зомбулук болтурбоо боюнча атайын иш чараларды өткөрүү жагы комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Турмуштун оор кырдаалына кабылган өспүрүмдөргө камкордукка алуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту кыскартуу максатында коомдук уюмдар менен биргеликте тегерек столдор уюштуруу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы соц.адис Н.Агзымовго жүктөлсүн.
Төрага | Ырысбек Бектен |