Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-ноябры № 8\27
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күнгөй айылындагы бала бакчага ат берүү жана 2018-жылдын бюджетине киргизүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар көчөсүнүн № 42 үйүн убактылуу ижарага алып бала бакча ачуу үчүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар көчөсүнүн № 42 үйүн убактылуу ижарага алып бала бакча ачуу үчүн берилсин.
2. Кара-Күнгөй айылында ачылып жаткан бала бакчага 20.08.2017-жылдын № 9 элдик жыйындын негизинде “ Аруузат” аты берилсин.
3. “ Аруузат” бала бакчасын каржылоо үчүн 2018-жылдын 1-январынан бштап республикалык бюджетке киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абыкеевге жана ФЭБнүн башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |