Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-ноябры № 8\28
Кош-Дөбө айыл аймагынын бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жөнүндө
“Кош-Дөбө“Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2017-жылдагы бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү 599400,00 сомго бекитилген. ЖПБнин сметасынын чыгаша бөлүгү казыналык счет аркылуу өөтөрү май айынын ичинде такталгандыгына байланыштуу жана бул маселе менен биринчи жолу иш алып баргандыктан кемчиликтер болгон, андан сырткаары 01.01.2017-жылда ЖПБнын счетунда калган 161122,55 сом жайыттын жер салыгы 56135,00 сом ЖПБнин чыгаша бөлүгүнө кошулуп кеткен. Баары 217257,55 ( Эки жүз он жети миң эки жүз элүү жети сом 55 тыйын ) сом бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнө кирип калган. Жайыттан чогулуучу жайыт акы жер салыгы менен кошо 438277,45 сомду түзөт, мунун ичинен айыл өкмөтүнүн эсебине которулуучу 3/1 бөлүгү 127581,00 сомду түзгөндүгү эске алынып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин кирише-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бекитилген 599400,00 сомдон 161122,55 сом жана 56135,00 кемитилип чогултуучу жайыт акы 382142,45 сом экендиги белгиленсин.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бекитилген 599400,00 сомдон 161122,55 сом жана 56135,00 кемитилгенде чогултуучу жайыт акы 382142,45 сом экендиги Кочкор райондук финансы бөлүмүнө кат жүзүндо билдирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы С.Капаровго жана Жайыт бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |