Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 9\31
"Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кош-Дөбө айылдык аймагынын 2017-жылынын 23-ноябрь № 90 бйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кош-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Кош-Дөбө Айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районун Кош-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. "Жалак-Бел" участоктогундагы запастагы категория жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которулсун.
3. Кош-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча материалдарын, райондун администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик админимтрация башчысынын 13-сентябрь 2016-жылдагы №163б буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
4. Кош-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча материалдарыбоюнча токтомдо көргөзүлгөн, Семиз-Бел айыл аймагы менен чектешкен “Бешташ короо” участкасындагы союзда жана бүгүнкү күнгө чейин биздин чабандар жаткандыктан мурунку материалдарды алып чыгуу менен такташууга жана ошондой эле Кочкор токой фондусу менен чектешкен “Дөң таш” учаскасындагы казыркы токой фондусу пайдаланып жүргөн жер тилкесин мыйзамдын негизинде чечилээри белгиленсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т. Абыкеевке милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |