Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29- декабры № 10\34
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2017-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Өнүгүүсүнүн стратегиясынын негизинде “ Жол картасынын ” аткарылышы тууралу Т.Абыкеевдин отчету
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Абыкеев Темирболоттун билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кош-Дөбө айыл аймгында 2017-жылда төрөлгөн балдардын саны 47, ал эми жаңы баш кошкондордун саны 33, каза болгон адамдардын саны 14. 2017-жылга карата айыл аймагынын башчысынын 98 буйругу чыгарылып, тийиштүү иштер аткарылды. Арыз кайрылуулар келип түшкөн. Бул кайрылууларды дыккаттык менен тийиштүү кызматкерлер иш алып барып жооптору убагында берилди. Жогорку органдардан келген каттардын саны 418, сыртка жиберилген каттардын саны 207ни түздү. 2017-жылга карата түзүлгөн “ Жол картанын ” негизинде 36 долбоор киргизилип 30 долбоор ишке ашырылды. 6 долбоор 2018-жыл ичинде аткарылат.Айыл аймагынын отурумуна 23 маселе каралып тийиштүү токтомдор кабыл алынган.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө ветеринардык тейлөө боюнча 2 менчик вет-сервис иш алып барат.Алар атайын термо чемодан холодилниктер менен жабдылган. 2017-жыл ичинде жугуштуу оорулардан бруцеллез оорусуна каршы-1750 уйдан кан алынган . Серелогиялык жол менен текшерүүгө жөнөтүлүп, жыйынтыгында 11 баш уйдан илдет чыгып уй ээлери аркылуу 9 баш жоголтулган. Ошондой эле 70 баш бээден кан алынып текшерүүдө баары таза чыккан. Ошондой эле жугуштуу оорулардан “ Оспа ” ыланына каршы план 800 бурцеллезго 42 баштан таза болду. Букадан 30 баштан алынды таза чыкты. Эхинакокоз, альвекокоз ооруларны карата жыл ичинде Азинокс таблеткасы 416 итке, 180 мышык берилет. ( празикал ) Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан берилип жаткан Иорданиядан РЕФ-1 вакцинасы козу улактарга баардыгы доза келсе, 6891 башка атайын термо 7000 ар бир баш ургаачы козу улакка чемодан менен чабандарды кыдырып көзгө тамызуу ыкмасы менен эмделди. Эмкар ( кара санга ) план 900 болсо 2200 баш эмделип убагында жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.
Мындан тышкаары тийиштүү маалыматтар берилгендигин белгилеп Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ-КЫЛАТ:
1.Кош-Дөбө айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы “ Жол картанын ” аткарылышы боюнча берилген маалымат жактырылсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагындагы ИСКАКБлардын, жайыт кенешинин, СПАнын, коомдук уюмдардын ишин колго алуу, алардын төрагаларынын жоопкерчилигин көтөрүү бекитилген тарифтерди убагында чогултууга жетишүүнү камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. 2017-жылдын жазгы айдап-себүү,күзгү оруп жыюу убагында орун алган кемчиликтерди терең анализдеп тиешелүү чечимдерди кабыл алуу менен 2018-жылдын талаачылык жумуштарына азыртадан даярдык көрүү, мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу үчүн малдын ылаңына каршы ветеринардык тейлөөнү өз убагында жүргүзүүнү уюштуруу,кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин максаттуу пайдалануу жана ижара акыларын өндүрүү жагы айыл өкмөтүнун жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
5. Калктын жугуштуу ооруларын алдын-алуу максатында профилактикалык иштерди дайыма жүргүзүп туруу, калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөөнү жакшыртуу боюнча аракеттерди көрүү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун кадрлар менен камсыз кылуу жагы № 3 ҮДТнун жетекчиси Зарылбек кызы Кундузга милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Добө айыл аймактык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |