Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29- декабры №10\ 35
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин пайдаланышы ижара акыларынын чогулушу жөнүндө жер адис Аскарбек уулу Нооруздун отчету
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө айыл аймагында Кыргыз Республикасынын жер Кодексине Кыргыз Республикасынын Президентинин, өкмөттүн токтомдорун, буйруктарын жана башка нормативдик актылардын негизинде бир катар иштер аткарылгандыгы тууралуу белгиленди.
Кош-Дөбө айылдык округунда ФПСтин 87 га жери бар. Анын ичинен 72 га суу баскан айдоо аянты, 6 га алма бак, 9 га жерлери чабындыга кирет. Суу баскан айдоо аянтынын 69 га жер Кара-Күңгөй жана Кара-Саз айылынын жашоочуларына 5-7 жылдык мөөнөт менен 2016-жылдын 17-февралында аукцион аркылуу 44 жаранга арендага берилген. ФПСтин жерлери аукциондо 1000-3000 сомго чейин жердин категориясына жараша баа коюлган, бүгүнкү күндө арендага берилген жерлердин ар бир арендатор менен түзүлгөн келишимдери бар жана бирден көчүрмөлөрү арендаторлорго берилген.
Бүгүнкү күндө арендага берилген жерден айыл аймагына жалпысы бир жүз отуз төрт миң сом акча түшөт, анын ичинен 16550-сому соц фондго, жер салык 9000 сом арендаторлордон өндүрүлүп төгүлгөндүгүн белгиледи
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап белгилеп Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө жана пайдаланууда айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштерде уюштуруучулук иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө жана пайдаланууда айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштерде уюштуруучулук иштерди жүргүзүү, фонддун жерлерин ижарага берүүдө жобонун талаптарын так сактоо менен конкурстарды уюштуруу, фонддун жерлерин бош калтырбоо үчүн дыйкандарга кеңири түшүндүрмө берүү, жакыр үй-бүлөлөргө асылдуулугу жогору жерлерден конкурсуз негизде берүү жагы тапшырылсын.
3. Ижарага берилген фондунун жерлеринен алынуучу акыларды өз өз мөөнөтүндө төлөнүшүн толук камсыз кылуу жагы жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Аскарбек уулу Ноорузга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы айыл аймагынын жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Аскарбек уулу Ноорузга милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |