Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26- январы №11/39
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдарды өнүктүрүү боюнча 2017-2020-жылдарга карата стратегиялык жана инвестициялык пландын аткарылышы жана Кош-Дөбө айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү стратегиялык программасын бекитүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2018-жылдын социалдык экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышы тууралу айыл аймагынын башчысы Абыкеев Темирболоттун билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кош-Дөбө айыл аймагы боюнча: 2018-жылга карата Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү, жайыттарга барчу, жана айыл аймактагы жолдорду оңдоо ж.б. иштер аткарыла тургандыгына кеңири токтолду. Айыл өкмөтүндө экономиканы көтөрүү менен калктын турмушун жакшыртуу, социалдык маселелерди чечүү, калкты социалдык жактан коргоо, айыл чарбасында жогорку жетишкендиктерди камсыз кылуу, жеке ишкерлерге жардам көрсөтүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү маданият тармактарынын иштеринин деңгээлин жогору көтөрүү, кылмыштулукту болтурбоо жана аларды алдын алуу иштерин уюштуруу максатында Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн программасынын аткарылышы боюнча Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Абыкеев Темирболоттун маалыматы эске алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн программасы бекитилсин.
3. Айыл аймагында аксакалдар соттору, ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештеринин ишин жандандыруу менен алардын жоопкерчилигин арттырууну уюштуруу, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин арасында аткаруучулук тартипти жакшыртуу, жоопкерчиликти көтөрүү, кадрлардын резервин түзүү, кадрларды тандоо жана жеке жоопкерчиликти көтөрүү жагына көңүл бурулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймактык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |