Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты №12/43
Кош-Дөбө айыл аймагында мунициапалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясын бекитүү жөнүндө
Мунициапалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн артыруу. Жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапаттарын жакшыртуу максатында, Кош-Дөбө айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясы жөнүндө USAIDтин “Ийгиликтүү Аймак” долбоорунун жумушчу тобунун төрагасы Темирболот Абыкеевдин Кош-Дөбө айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча билдирүүсүн айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагындагы муниципалдык кызмат көрсөтүү Стратегиясы бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн WHATSAPP мобилдик механизми аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүү регламенти жактырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл өкмөт башчысы Т. Абыкеевке милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |