Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели №13/46
Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ” Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБларынын, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жана СПАнын 2018-жылга карата бюджеттерин бекитип берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ” Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБларынын 2017-жылга карата бюджеттерин бекитип берүү жөнүндөгү жалпы жамаатттын 05.06.2018-жылдагы № 6.7 токтомдорунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ” Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБларынын 2017-жылга карата бюджеттерин бекитип берүү жөнүндөгү жалпы жамаатттын 05.06.2018-жылдагы № 6.7 токтомдору бекитилсин.
2. Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ” ИСКАКБсынын ишине көзөмөлдүк кылуу күчөтүлсүн.
3. Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ” ИСКАКБсынын 2017-жылдын бюджети бекитилсин жан башына 20 сом (жыйырма ) сом деп бекитилсин. Куб менен алганда 6 сом 70 тыйын деп бекитилсин.
ИСКАКБнын башчысына – 3000 сом
ИСКАКБнын эсепчисине 2000 сом
Сантехник – 5000 сом
Кароолчу – 2000 сом
санитрага – 1000 сом
Үйгө суу киргизүүгө - 1000
Ремонтко – 10000
Хлорго – 3000
Банктын кызмат көрсөтүүсүнө – 500
Канц.товарга – 1000
Командировкалык чыгым – 1000
Шланги сайгандарга - 1000
Спец кийимге - жок болуп бекитилсин.
4. Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБсынын ишине көзөмөлдүк кылуу күчөтүлсүн.
5. Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБсынын 2017-жылдын бюджети бекитилсин жан башына 16 сом 50 тыйындан ( он алты сом элүү тыйын ) сом деп бекитилсин. Куб менен алганда 5сом 50 тыйын болуп бекитилсин.
ИСКАКБнын башчысына – 2000 сом
ИСКАКБнын эсепчисине 2500 сом
Сантехник, кароолчу, санитрага – 6000 сом эмгек акы чектелип берилсин.
Үйгө суу киргизүүгө - 1000
Ремонтко – жок
Хлорго – 6000
Банктын кызмат көрсөтүүсүнө – 600
Канц.товарга – 1500
Командировкалык чыгым – 1000
Сан.эпид – 2800
Спец кийимге - 1000 сом болуп бекитилсин.
6. “Кара-Күнгөй Үкөк” СПАнын 2018-жылга карата бюджети бекитилсин жана башына Кара сугат сууга болгон салык 250 (эки жүз элүү) сом, ал эми огордко болгон салык 50 (элүү) сом болуп бекитилсин.
7. Кош-Дөб айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата бюджети бекитилсин Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын жалпы жамаатттын 05.06.2018-жылдагы № 6.7. токтомунун негизинде, сыртка көчүп конуу тартиби жана тарифи бекитилсин
8. Жайыт бирикмесинин 2018-жылга карата киреше бөлүгүнө чогултуучу жайыт салыгы толугу менен өндүрүү жагы Жайыт Кеңешинин төрагасы К.Кылжыровго милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т. Абыкеевге тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |