Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июну №15/53
Муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана муниципалдык менчиктеги объекттердин реестрин бекитүү жөнүндө
Жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда жана тескөөсүндө турган муниципалдык менчиктин объекттерин башкарууну мыйзамга ылайык жүргүзүү максатында, “Мүлкө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги объекттердин реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кош-Добо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Абыкеев Темирболотго жүктөлсүн.
Төрага | Ырысбек Бектен |