Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июну №15/54
Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн төлөмдүн жана наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө
Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Абыкеев маалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык, Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ИСКАКБ жетекчилери Мурсабаева Ч. жана Ж.Сыдыковалардын Кош-Дөбө айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн төлөмдүн жана таштандыларды чыгаруунун наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи)
Кара-Күңгөй айылы ар бир жанга аймагында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи) ар бир жанга бир айга 20 сом өлчөмүндө жана Кара-Саз айылы ар бир жанга бир айга 16,50 тыйын бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ырысбек Бектен |