Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 89
Арал айыл аймагында 2018-жылдын 30-мартында болуп өткөн Жалпы Элдик жыйындагы “ Мал багууда кызмат көрсөтүүнүн баасын көчүп – конуу графигин белгилөө жана колдонулуучу жаза чаралар жөнүндөгү” токтомун бекитүү жөнүндө
Жалпы Элдик жыйындын “ Мал багууда кызмат көрсөтүүнүн баасын көчүп – конуу графигин белгилөө жана колдонулуучу жаза чаралар жөнүндөгү”токтомун карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы Элдик жыйындын “ Мал багууда кызмат көрсөтүүнүн баасын көчүп – конуу графигин белгилөө жана колдонулуучу жаза чаралар жөнүндөгү”токтому бекитилсин.
2. Мал багуучулардын бөксө жана алыскы жайлоолорго көчүп конуунун графиги жана талаптарды аткарбаган мал багуучуларга жана фермерлерге колдонулуучу айыптар төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Жакынкы бөксө жайлоолорго көчүү 25.04.2018- 05.05.2018-ж чейин;
Алыскы жайлоолорго көчүү 10.06.2018 - 25.06.2018-ж чейин;
Күзүндө көчүп келүү 20.09.2018-ж баштап көчүп келүүгө уруксат берилсин жана 01.10.2018-жылга чейин малы менен бөксө жайлоолордо болсун;
Күзүндө 20-сентябрдан эрте көчүп келген жана жакынкы, алыскы жайлоолорго бекитилген графиктен кеч көчкөн мал багуучуларга 15 (он беш миң ) сом өлчөмүндө айып салынсын( Бөксө жайлоолорго 1-октябрга чейин малдарын бөксө кармоо жагы белгиленсин)
Айылга жакынкы сарайларга 10.06.2018-жылдан баштап, 2 баш саан уйдан ашык мал алып калууга тыюу салынсын. 2 баш уйдан ашык мал алып калгандарга 20 (жыйырма миң ) сом өлчөмүндө айып салынсын.
01.04.2018 -10.10.2018-жылга чейин жакынкы сарайлардын жайыттарына , элдин үлүш жерлерине , аңыздарга мал жаюууга тыюу салынсын.
3. Жогоруда айтылган талаптарды бузган мал багуучуларга, фермерлерге жана айыл тургундарына төмөндөгүдөй айыптар мал башына салынсын. Алар:
Бодо малга (мал башына) айып 1000 сом;
Тай-торпокко (мал башына) айып 700 сом;
Кой-эчкиге (мал башына) айып 500 сом же келтирилген чыгымдын көлөмүнө жараша түзүлгөн актынын негизинде айып салынсын;
Бадага малын кошпогондорго мал башына 1000 сом өлчөмүндө айып салынсын;
Бадага мал чыгаруу жана таратуу графиги 10.04.2018 - 10.10.2018-жылга чейин белгиленсин;
4. 2017-жылга мал багууда кызмат көрсөтүүнүн наркы төмөндөгүдөй белгиленсин:
Жылкы мал башына 400 сомдон;
Уй мал башына 400 сомдон;
Кой , эчки мал башына 40 сомдон ;
Жайытка бир жылда бир жолу төлөнүүчү бодо малга 86 сом өлчөмүндөгү, кой-эчкиге 17 сом өлчөмүндөгү салык мал багуучуга алыскы жайлоого көчүп кеткенге чейин малдын ээси тарабынан төлөнүп берилсин.
Жайыт комитети менен келишимге кол коюшуп, жайыт комитетинин жана айыл өкмөтүнүн башчысынын уруксаты жок алыскы жайлоолорго көчкөн мал багуучуларга жана фермерлерге 10( он миң ) сом өлчөмүндө айып салынсын;
Мал багуучуга жана фермерлерге коюлган талаптар аткарылбаса, жайыт комитети тарабынан 2018-жылга алыскы жана жакынкы жайлоого көчүүгө жайыттан жер берүү жагына тыюу салынсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына жана жайыт комитетинин башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |