Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 90
Арал айыл аймагында 2018-жылдын 30-мартында болуп өткөн Жалпы Элдик жыйындагы “Жазгы айдап-себүү, күзгү жыйноодо “Арал Сервис” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнүнжана жеке менчик техника ээлеринин кызмат көрсөтүүсүнүн наркын белгилөө жөнүндөгү”токтомун бекитүү жөнүндө
Жалпы Элдик жыйындын “Жазгы айдап-себүү, күзгү жыйноодо “Арал Сервис” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнүнжеке менчик техника ээлеринин кызмат көрсөтүүсүнүннаркын белгилөө жөнүндөгү”токтомун карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Арал айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы айдап-себүү, күзгү жыйноодо “Арал Сервис” муниципалдык ишканасынын жана жеке менчик техника ээлеринин кызмат көрсөтүүсүнүн наркы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин. Алар:
Жер айдоого 25 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 1000 сом;
Тегиздөөгө 10 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 400 сом;
Себүүгө 10 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 500 сом;
Чым майдалоого 15 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 600 сом;
Германка менен чөп чабууга 10 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 700 сом;
Чөп чабуучу техника менен(косилкаменен)чөп чабууга 10 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 600 сом;
Чөп тырмоого 8 литр литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 400 сом;
Чөп таңдыруу түгүнө 9 сомдон , таңууга керектелүүчү жибин жана күйүүчү майын кошо эсептегенде;
Эгин чабууга кызмат көрсөтүүгө 900 сом , 25 литр май;
Шалбаа чөп чабуу 2000 сом майы ичинде;
Чөп жана эгин ташуунун кызмат көрсөтүүсү келишим баада;
Прицептер айылда жамандык болгондо отун алууга берилет жана 20 литр майга кетүүчү акча каражатын жалдаган айыл тургуну көтөрсүн;
Туура суудан (Терек өзөнүнөн келген суудан) үлүш жерин сугаргандарга мураб акысы 100 сомдон белгиленсин ;
Айыл өкмөтүнүн аймагына атайын белгиленбеген жерге уруксатсыз таштанды төккөн айыл тургундарына 5000(беш миң) сом өлчөмүндө айып салынсын;
Токтомдун аткарылышы камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |