Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 91
“Арал Сервис”муниципалдык ишканасынын , Жайыт комитетинин , “Андашсуу” СПАсынын, “Төш- Машат” ИСКАКБнин 2017-жылы аткарган иштери жана 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
“Арал Сервис”муниципалдык ишканасынын , Жайыт комитетинин , “Андашсуу” СПАсынын, “Төш- Машат” ИСКАКБнин жетекчилеринин 2017-жылы аткарган иштери тууралу маалыматтын жана 2018-жылга бюджети жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизXII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Андашсуу” СПАсынын 2018-жылга бюджети төмөндөгүдөй болуп бекитилсин. “Терек” туура суусунан суу ичкен сугат аянттары
Лоток БСР 185 га х 100 = 18500 сом;
Көк-Таш 42гах100 = 4200 сом;
42 га жер 42 х 100 = 4200 сом;
Кара-Күнгөй 14га х 100 = 1400 сом;
Желе-Дөбө 36га х 100 = 3600 сом;
Баардыгы : 319 га жер 31900 сом;
2. “Терек “ туура суусуна мураб шайлоо боюнча дыйкандардын суроо талабы канаатандырылып, Жунушалиев Карыпбек туура сууга мураб болуп дайындалсын .
3. “Андаш суу” СПА сынын ишмердиги улантуу жана 2017-жылдагы жазгы талаа жумуштарынын арыктардын ремонт иштерине бөлүнгөн акча каражатынан калган 36000 сом акча каражаты Кожомуратовдон өндүрүп, Орус арыкты калыбына келтирүү иштерине жумшоо жагы “Андаш суу” СПА сынын жетекчисине милдеттендирилсин..
4. “Төш- Машат” ИСКАКБнин 2017-жылы аткарган иштеринин отчету кабыл алынсын жана жетекчиси Т.Орозалиевдин кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызы канаатандырылсын.
5. Арал айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2017-жыл ичинде аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын жана 2018-жылга бюджети 194, 328 сом болуп бекитилсин.
6. Жайыт төлөмдөрүн чогултуу боюнча мал багуучулар менен түзүлгөн келишимге даана көрсөтүү жагы белгиленсин.
7. Айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү бардык аныктамаларды берүүдө айыл тургундары менен жайыт төлөмдөрүн төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
8. “Арал Сервис”муниципалдык ишканасынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери “ канаатандырарлык “ деп табылсын .
9. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына жана мекеме-уюм жетекчилерине милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |