Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели№ 92
Үлүш жерди сугарууга сугат суунун, жер участогун сугарууда суунун мурабдын кызмат көрсөтүүсүнүн наркы белгилөө жана тартип чараларын көрүү боюнча Элдик жыйындын токтомун карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизXII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүш жерди сугарууга сугат суунун баасы 1 гектарга 1 жылга 350 сом, мурабдын акысы 100 сом ,ал эми огород үчүн сугат суунун баасы 1 жылга 100 сом, болуп бекитилсин.
2. Уруксаты жок суу алгандарга , каналды, шлюздарды талкалагандарга чара көрүү үчүн штрафдын өлчөмү 5 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана талкалаган нерсени өз эсебинен оңдоп берүү жагы тартип бузган айыл тургунуна милдеттендирилсин.
3. Талас суу чарба башкармалыгынын кызматкерлеринин талапка ылайыктуу иш алып барбагандыгынын натыйжасында дыйкандардын сугат жерлерине суу жетпей калса КР мыйзам талаптарынын негизинде жеке жоопкерчилик тартуу жагын башкармалыктын кызматкерлерине жүктөө жагы белгиленсин .
4. 2018-жылдын жаз айларында айылдын дыйкандарын суу менен толук кандуу камсыз кылууда ачык айкындуулукту, суунун кезектүүлүгүн сактоону камсыз кылуу жагы Талас суу чарба башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышы камсыз кылуу Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |