Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 93
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын айылдагы С. Байзаков атындагы кичи футбол аянтынын элге кызмат көрсөтүүсүнүн наркын жана ижара акысын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизXII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Байзаков атындагы кичи футбол аянтынын элге кызмат көрсөтүүсүнүн наркысаатына 200 сомдон белгиленсин.
2. Кичи футбол аянтынын ижара акысы айына 5000(беш миң) сомдон, бир жылга 60000(алтымыш миң) сом болуп белгиленсин жана акча каражаты айыл өкмөтүнө төгүлсүн.
3. Төгүлгөн ижара акысы кичи футбол аянтынын ремонт иштерине жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |