Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы
2016-жылджын 24-февралы № 13
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын тургуну Имарбеков Даныярдын арызын кароо жөнүндө
Боз-Адыр айылынын тургуну Имарбеков Даныярдын Боз-Адыр - Баткен асфальт жолунун түндүк тарабынан ишкана ачуу үчүн ижарага жер берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз ХXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Адыр айылынын тургуну Имарбеков Даныярга “Жер кодексине” ылайык Боз-Адыр айылынан Ош- Баткен авто жолунун түндүк тарабынан курулуш материалдарын сатуучу дүкөн жана курулуш материалдарын кайра иштетүүчү ишкана ачуу үчүн жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берилсин .
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К Маркаев |