Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 96
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизXII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну К.Намазалиевдин арызын канаатандырып, арыз ээсинин туберкулёз ооруусунан дарылануусуна айыл өкмөтүнүн өздүк фондусунан 3 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл тургуну К.Тургунбаевдин арызы канаатандырылып, арыз ээсинин аялынын бешинчи ирээт операция болуусуна материалдык жактан колдоо катары айыл өкмөтүнүн өздүк фондусунан 30 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Айыл тургуну Чынжырбек кызы Аземанын арызы канаатандырылып, арыз ээсинин жолдошу Байгараев Эмилдин дарылануусунаматериалдык жактан колдоо катары айыл өкмөтүнүн өздүк фондусунан 30 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |