Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 97
Ар кандай маселелер жөнүндө
Айылдагы мектептердин жамаатынан Айылдык Кеңешке келип түшкөн ар кандай маселелер боюнча кайрылууларын, суроо - талаптарын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизXII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин балансасында турган Волга маркасындагы машинаны жана тракторду сатуу үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн. Алар:
Сыдыгалиев Б.- Айылдык Кеңештин депутаты;
Байгөнчөков А. - Айылдык Кеңештин депутаты;
Апышов Б. – Арал айыл өкмөтүнүн башчысы;
Изабаева Г.- Арал айыл өкмөтүнүн каржы–экономика бөлүмүнүн
башчысы;
Асанов Н. - Айылдык Кеңештин депутаты;
Бешкемпирова К.- К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин кесиптик
кошунунун төрайымы;
Жуматаева С. - К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин директору;
2. М.Сейталиев атындагы орто мектебинин директору Б.Шатманованын кайрылуусу канаатандырылып, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча райондук мектептер арасында өтүлүүчү оюнду уюштурууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги мектептин ар кандай чыгымдар үчүн статьясынан 6560 ( алты миң беш жүз алтымыш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. М.Сейталиев атындагы орто мектебинин директору Б.Шатманованын мектепти компьютер жана принтери менен камсыз кылуу жөнүндөгү кайрылуусу жарым жартылай канаатандырылып, айыл өкмөтүндөгү пайдаланылган компьютер жана притерди өткөрүп берүү жагы белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |