Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 98
Ар кандай маселелер жөнүндө
Айыл тургундары тарабынан Айылдык Кеңешке келип түшкөн ар кандай маселелер боюнча кайрылууларды, суроо - талаптарды жана оозеки кайрылууларды карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну М.Ибраимовдун медициналык центр ачуу үчүн имарат сурап жазган арызы, ачуу максаты белгисиз болгондуктан канаатандырылбасын .
2. Айылдагы “Кулуш ата” мечитинин жамаатынын кужура салууга №8 УДТ нун бош турган жер участогунан жер бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусу айыл өкмөтүнүн башчысынын кароосуна коюлуп, ылайыктап мыйзам чегинде жер бөлүп берүү жагы башчыга милдеттендирилсин.
3. Айылдагы А.Дүйшөнбиев жана К.Туткучев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун баткагына кум-шагыл төгүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусу айыл өкмөтүнүн техникасын жумшоо жана арыз ээлери тарабынан техниканы жумшоого керектелүүчү күйүүчү майды өз эсептеринен көтөрүү менен аткаруу жагы белгиленсин.
4. Жорголот көпүрөсунүн жанындагы үлүш жерге баруучу жолдогу сазды кургатуу үчүн арык тартуу жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусу канаатандырылып, өзгөчө кырдаалдар үчүн бөлүнгөн резервдик фонддон 10 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |