Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 100
Сырттан келген малдарга жайыт салыгынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы Рысалиев Темиркулдун айылдагы фермерлердин башка айыл аймактарынан жана башка райондордон мал алып багып, кызмат көрсөтүп жаткандыгы тууралу маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында мал багуучулар тарабынан сырттан мал айдап келип багып жаткандыгы жайыт комитети тарабынан аныкталса , сырттан келген малга жайыт салыгы бодо малга 200 сом, кой-эчкиге 35 сомдон белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |