Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 101
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жэр казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 10-июль 2017 жылдагы № 02-6/8377 билдирүүсүн, Кыргыз Республикасынын, маалымат жана туризм министрлигинин 21-июль 2017-жылдагы № 04-3/3906 билдирүүсүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынын 6-сентябрь 2017-жылдагы № 0117 сандуу Экологиялык экспертизасынын кортундусун, Талас райондук жер комиссиясынын жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу боюнча “___”_________ 2017 жылдагы кортундусу жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагынын административдик чегиндеги № 748 чөйрө сызыгынан
0,15 га жер участогуна кой мончо куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын 0,15 га жер участогун Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын курулуш алдындагы жерлерге которуу боюнча макулдук берилсин.
2. Токтомду бекитип берүү жагын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)
тартиби жөнүндө” Убактылуу жобонун 14 пунктуна ылайык, Талас райондук мамлекеттик админстрациясына сунушталсын.
Төрага | Н.Т. Асанов |