Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июну №104
Айылдык Кеңештин №98 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысынын Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII -сессиясынын № 98 “Айылдагы “Кулуш ата” мечитинин жамаатынын кужура салууга №8 УДТ нун бош турган жер участогунан жер бөлүп берүү жөнүндөгү ” токтому мыйзам талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу жокко чыгаруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII -сессиясынын № 98 “Айылдагы “Кулуш ата” мечитинин жамаатынын кужура салууга №8 УДТ нун бош турган жер участогунан жер бөлүп берүү жөнүндөгү” токтому мыйзам талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу жокко чыгарылсын.
Төрага | Н.Т. Асанов |