Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июну №106
Ар кандай маселелер
Күн тартибиндеги ар кандай маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рысалиев Темиркулдун жерине курулган табихый көлгө Жаңы - Турмуштан плиталарды ташып келүүгө 30 миң сом сурап жазган арызы учурда бюджеттин тартыштыгынан канаатандырылбасын жана бул арыз бюджеттин аткарылышынын 6 айлык жыйынтыгы менен кайра каралсын.
2. Ала-Белдеги жана Суу Жармадагы Арал айыл өкмөтүнүн жайыт жерине жайгашкан “Билайн” компаниясынын антена орнотууга түзгөн келишимин тактоо жагы жайыт комитетинин төрагасына жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Санариптик теле берүү айыл өкмөтүнүн аймагында начар иштеп жаткандыгына байланыштуу тактоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.Т. Асанов |