Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июну №107
Айылдагы кичи футбол аянтынын бүтпөгөн курулуш иштерин бүткөрүүгө мөөнөт белгилөө жөнүндө
Депутат Артыкбаев М. кичи футбол аянтынын жуунучу жайын жана башка бүтпөгөн курулуш иштерин тез арада бүткөрүү боюнча курулуш фирмасына 1-июлга чейин мөөнөт коюу жана белгиленген мөөнөттө бүтпөсө тиешелүү укук коргоо органдарына берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи футбол аянтынын жуунучу жайын жана башка бүтпөгөн курулуш иштерин тез арада бүткөрүү боюнча курулуш фирмасына 1-июлга чейин мөөнөт коюлсун жана белгиленген мөөнөттө курулуш иши бүткөрүлүп , акт менен өткөрүлүп берилбесе тиешелүү укук коргоо органдарына текшерүү үчүн документтери жөнөтүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |