Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июну №108
Фронтальный погрузчик техникасынын жана “Арал Сервис” муниципалдык ишканасынын чөп пресстөөчү техникасынын кызмат көрсөтүү акысын белгилөө жөнүндө
Депутаттар тарабынан жайыт комитетине тиешелүү фронтальный погрузчик техникасынын жана “Арал Сервис” муниципалдык ишканасынын чөп пресстөөчү техникасынын кызмат көрсөтүү акысын белгилөө жөнүндөгү сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фронтальный погрузчик техникасынын жана “Арал Сервис” муниципалдык ишканасынын чөп пресстөөчү техникасынын кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй болуп белгиленсин. Алар:
ГАЗ -50 жүк ташуучу автомашинасына фронтальный погрузчик техникасы менен жүк жүктөөнүн кызмат көрсөтүүсү 300 сом,
КАМАЗ жүк ташуучу автомашинасына фронтальный погрузчик техникасы менен жүк жүктөөнүн кызмат көрсөтүүсү 500 сом,
Чөп пресстөөчү техникасынын кызмат көрсөтүү акысы күйүүчү майдын кымбаттагандыгына байланыштуу 1 гектарга 10 литр май, кызмат көрсөтүүнүн наркы түгүнө 8 сомдон (жиби ичинде ) болуп белгиленсин.
2. Фронтальный погрузчик техникасынын элге башка кызмат көрсөтүүсүнүн тактоо менен наркы белгилөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |