Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июлу № 118
Орозбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2020-2021-жылдарга карата киреше,чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2020-2021-жылдарга карата киреше,чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономика каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчисинин милдетин аткаруучусу З.Максутовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга бекитилүүчү жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү 2019-жылга-9386,3мин сом,2020-жылга 9403,1 мин сом,2021-жылга-9403,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга бекитилүүчү жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү 2019-жылга-15010,2 мин сом,2020-жылга 14564,4 мин сом,2021-жылга-14564,4 мин сом,атайын каражат 1477,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |