Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июлу № 119
Орозбеков айыл аймагында республикалык түрткү берүүчү гранттын эсебинен каралууга даярдалган долбоорлорго айыл өкмөтүнүн өздүк салымын ажыратып берүү жонүндө
“Орозбеков айыл аймагында республикалык түрткү берүүчү гранттын эсебинен каралууга даярдалган долбоорлорго айыл өкмөтүнүн өздүк салымын ажыратып берүү жонүндөгү” финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагында республикалык түрткү берүүчү гранттын эсебинен каралууга даярдалган долбоорлорго айыл өкмөтүнун 10% өздүк салымы ажыратылып берилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго курулучу курулуштарга ажыратылган акча каражатын которуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А. Назарбаев |