Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июлу № 123
Орозбеков айыл өкмөтү тарабынан Кадамжай райондук Өнүгүү фондуна сунушталган долбоорлорго айыл өкмөтүнун өздүк салымын ажыратып берүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтү тарабынан Кадамжай райондук Өнүгүү фондуна сунушталган долбоорлорго айыл өкмөтүнун өздүк салымын ажыратып берүү жөнүндөгү инвестиция боюнча адис Н.Мурзахматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы наркы 612581 сом болгон “Өндуруш участкасына 2400 метр аралыкка таза суу тартуу” доолбооруна айыл өкмөтүнөн өздүк салым 308,981 (үч жүз сегиз миң тогуз жуз сексен бир )сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Жалпы наркы 330408 (үз жүз отуз миң төрт жүз сегиз ) сом болгон “Охна” гимназия-мектебинин эски имаратынын чатырын алмаштыруу”доолбооруна айыл өкмөтүнөн өздүк салым 82600 (сексен эки миң алты жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго долбоорлорго ажыратылган айыл өкмөтүнөн өздүк салым акча каражаттарын которуу жагы милдеттендирилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А. Назарбаев |