Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июлу № 125
ООО”НУР Телеком” ишканасынын кайрылуусу жөнундө
Күлдү айылынын Гараж участкасына ООО”НУР Телеком” ишканасы тарабынан интернет байланышын орноштуруу боюнча кайрылуусу жөнундө айыл өкмөтүнун башчысы А.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күлдү айылынын Гараж участкасындагы кам кирпич чыгаруучу цехтин түштук тарабынан ООО”НУР Телеком” ишканасына интернет байланышын орноштуруу үчун айыл өкмөтунүн муниципалдык менчигиндеги 25,0 чарчы метр жер аянтын ижаралык шартта ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш кагаздарды даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери жана бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А. Назарбаев |