Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-марты № 151
Токтогул шаарынын борбордук базарынын кире беришиндеги муниципалдык жерди кайтарып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикке ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алат деп белгиленген.
Учурда Токтогул шаарынын борбордук базардын түндүк тарабынын кире беришиндеги муниципалдык менчиктеги жер мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткендиктен, борбордук базардын ичинде өрт коопсуздугу сакталбай, базарга кооптуу жагдайлар жаралып жатат.
Бул боюнча Токтогул шаарынын тургундарынын арызы шаардык кеңештин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезекcиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын чечими жылпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга катыша ала тургандыгы баса белгиленсин.
3. Борбордук базардын кире беришиндеги жеке жактарга берилип кеткен, узундугу 23 м, туурасы 8,5 м, муниципалдык менчиктеги жер участогун кайрадан муниципалдык менчикке алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн. Жогорудагы жер участогун кайтарып алуу боюнча документтер Жалал-Абад облустук райондор аралык сотунун кароосуна жөнөтүлсүн.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (Н.Молдоказиев) тапшырылсын.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |