Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-марты № 152
Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобонун талаптарына ылайык, шаардык кеңештин төрагасы К.Дербишевдин кайрылуусу “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезекcиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын чечими жылпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин, анын негизинде:
Токтогул шаарынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, сырттан ири көлөмдөгү инвестицияларды тартуу менен шаардын инфраструктурасын жакшыртууда мыкты ийгиликтерге жетише алгандыгы үчүн Токтогул шаарынын мэри Калмурзаев Марат Сагынбековичке Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Депутаттык милдеттерин аткарууда жогорку активдүүлуктү көрсөтүп, шаардын өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Сыргабаев Ормонбекке Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды тапшыруу аземин уюштуруу Токтогул шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |