Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-марты № 153
Коенбек Аманбековдун ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана шаарда көчөлөргө ысым ыйгаруу боюнча Жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын тургуну А.Аманбековдун кайрылуусу боюнча “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезекcиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын корутундусу колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Токтогул шаарынын Райгаз көчөсүнүн аты өзгөртүлсүн, ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап бул көчө Коенбек Аманбеков атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөнүн тазалыгын сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү, мэрия менен макулдашуу аркылуу көчөнүн аты жазылган тактайчаларды ар бир үйгө илүү К.Аманбековдун балдарына жана бир туугандарына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун жогорудагы жобонун талаптарына ылайык аткарылышын камсыздоо Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | Шермат уулу Алмаз |