Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №1
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү акылары жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү акылары боюнча жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акылары: 1га кайракы айдоо жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 500сом,
1га чоп чабынды жер үчүн соц. фонд жер салыгы менен 1000сом, сугат жер үчүн соц. фонд жер салыгы менен 2500сом, бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүүдө айыл өкмөтүнүн трактору менен 1га жер үчүн 2500сом (соляркасы, маласы, айдоо акысы ичинде ), айыл ичиндеги айдоолорго 1 сотугуна 60 сомдон бекитилсин (соляркасы ичинде)
3. Чөп чабынды жерге 1га жерди чаап бериши – 1500 сом, гравилдөөсү- 700 сом, барабанный гравилдөөсү үчүн 1га жерге 1000сом бекитилсин.
4. Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрү, чөп чабынды көп жылдык чөпкө кайтарууга накталай акча түтүнгө 400 сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акыларын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин. Аукциондун баштапкы баасы 1000 сом болуп бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу уч. Инспектор Ж. Досалиевге милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык туруктуу комисииясынын төрагасы Н.Акматовго жана анын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
9. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
10. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |