Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №2
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына, жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына, жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү). сунуштар боюнча жайыт комитеттинин төрагасы М. Чокоевдин билдирүүсүн угуп талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөндөгүдөй белгиленсин:
а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 1-апрелден 10-апрелге чейин аткарылсын (жаратылыш шарты эске алынсын)
б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 1-апрелден 10-апрель аралыгында көчүрүлсүн (жаратылыш шарты эске алынсын)
2. Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 25-майдан 10-июнга чейин (жаратылыш шартын эске алуу менен белгиленсин)
а) Бардык малдын түрү ветеринардын эмдөөдөн өтсүн.
б) Тиешелүү ветеринардын документтер менен камсыз болсун.
в) Кайра көчүп келүү 1-сентябрь белгиленсин.
(Эрте көчүп келген атуулдарга административдик кодекстин негизинде штрафттар төлөнсүн)
3. Ак-Суу айылынын калкы жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (аркандалсын, кайтарылсын)
Айылда мал алып калгандарга ар бир баш учун 500 сом айып пул салынсын.
Тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы 2 эсе жогорулайт, административтик кодекстин негизинде чара көрүлсүн.
4. Ар айылда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
5. Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга кирбесин.
6. Бада алган атуулдун малы, кой, эчкиси 300 баштан ашса, уйу 10 баштан ашса, жылкысы 1 үйүр болсо алыскы чон жайлоого көчүрүлсүн.
7. Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын. (келишимде 60 сомдон алынсын төлүнө 40 сом малдын башын жоготсо, өлтүрсө төлөп берүү жагы өз ара келишсин).
8. Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
9. Ак-Сай, Ыман-Ата, Төө-Басты, Коргон-Дөбө, айылынын жанындагы жайытка бада баккандар, кышкы жайытта короо-сарайлары бар жайыт пайдалануучулар кочуп келип жайытка отурса кара мал, эшек, жылкыга ар бир башына күнүнө 250 сом, жандыктын башына күнүнө 50сом айып пул белгиленсин жана көчүрүлсүн.
10. Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыяны эсептелинип төлөнүп берилсин (түзүлгөн актынын негизинде).
Айып акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1-иретте бир баш кара малга, жылкыга 50с, жандык 5 сом,
2-иретте бир баш кара малга, жылкыга 200с, жандык 50 с, эшек 300с
Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.
40 пайызы айдап келген караулга, 40 пайызы караулга,
20 пайызы ар түрдүү чыгымдарга.
11. Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана депортаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
а)Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга ветеринардык кодекстин негизинде айып салынсын.
12. Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо (жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды желгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖП бирикмесине милдеттендирилсин.
13. Суу мурап акысы суу пайдалануучулар менен суу мураптын ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлсүн 70, 100сом.
14. Токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго, вет адис А. Сартаев, айыл башчылары: Д. Шакыевге, Н. Смаиловго, О. Эшкаравге, С. Үрүсбаевге Ж.Кнын төрагасы М. Чокоевге милдеттендирилсин.
15. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу уч. Инспектор Ж. Досалиевге милдеттендирилсин.
16. Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык туруктуу комисииясынын төрагасы Н.Акматовго жана анын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
17. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
18. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
19. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төраг асынын орун басары К.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |