Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №3
Ак-Суу айыл аймагындагы айыл чарба, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө комиссия түзүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагындагы айыл чарба, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө комиссия түзүү жөнүндө жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы айыл чарба, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага (аукцион менен) берүү жөнүндө төмөндөгүдөй комиссинын курамы бекитилсин:
Н. Акматов - айылдык кенештин депутаты, төрага
А. Алымкулов – айыл өкмөтүнүн жер адиси, катчысы
У. Качыбеков – айыл өкмөтүнүн башчысы, мүчөсү
К. Төрөкулов – айылдык кенештин депутаты, мүчөсү
С. Мамытов - айылдык кенештин депутаты, мүчөсү
Т. Добулбеков - айылдык кенештин депутаты, мүчөсү
К. Мусабаев – кассир-бухгалтер, мүчөсү
Б. Кадыркулов – айыл өкмөтүнүн соц. адиси, мүчөсү
Т. Таберикова - айыл өкмөтүнүн статисти, мүчөсү.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага (аукцион менен) берүүнү (Ортонку – Жон жана Жалпактын-Бели) аткаруу жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |