Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №4
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 4га бакты арендага берүүдө комиссия түзүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 4га бакты арендага берүүдө комиссия түзүү жөнүндө жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 4га бакты арендага берүү жөнүндө төмөндөгүдөй комиссия бекитилсин:
Т. Добулбеков - айылдык кенештин депутаты, төрага
А. Алымкулов – айыл өкмөтүнүн жер адиси, мүчөсү
К. Төрөкулов – айылдык кенештин депутаты, мүчөсү
Д. Шадыканов - айылдык кенештин депутаты, мүчөсү
М. Чокоев – айылдык кенештин депутаты, мүчөсү
М. Жүнүзалиев – айылдык кенештин депутаты, мүчөсү
Р. Ыманкулов - айылдык кенештин депутаты, мүчөсү.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 4га бакты арендага берүү, күзгү түшүмгө чейин көзөмөл жүргүзүү комиссия мүчөлөрүнө милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин агрардык комиссянын төрагасы Н. Акматовго милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |