Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №5
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансасындагы фронталдык погрузчиктин иштөө акысын белгилеп берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансасындагы фронталдык погрузчиктин иштөө акысын белгилеп берүү жөнүндө жер адиси А. Алымкуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн фронталдык погрузчиктин иштөө акысы: айыл аймагынан сыртка иштетүүгө бардыгы - 20 000 сом, (ремонту, соляркасы ичинде) айыл аймагында - 2000сом акча төлөө жагы бекитилсин
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн фронталдык погрузчикти грейдерди, тракторду иштетүүдөн түшкөн акча каражатынын 20% айыл өкмөтүнүн киреше булагына чегерилсин.
3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн фронталдык погрузчикти, грейдерди, тракторду көзөмөлдөп иштетүү К. Камчыбековко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер адиси А. Алымкуловго, ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К. Мусабаевге жана Ак-Суу айылдык кенешинин агрардык комиссянын төрагасы Н. Акматовко милдеттендирилсин.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
6 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |