Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты № 6
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну иштетүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну иштетүү жөнүндө жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну бухгалтерияга тапшырган проектинин негизинде иштетүү сууну пайдаланган атуулдарга эскертилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну ондоо, санитардык гигиеналык абалын кароого кеткен чыгымдары үчүн 1 айга 25 сом жылына 300 сом, сууну үйүнө тартып алган атуулдар үчүн 1 айга 1000 сом жылына 12 000 сом акча каражатын төлөө жагы бекитилсин.
3. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү таза суунун иштөөсү боюнча кайрадан жанданырылсын, аткаруу жагы Т. Култаевге милдеттендирилсин.
4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну иштетүү, аткаруу, көзөмөлдөө айыл башчылары: Д. Шакыевге, Н. Смаиловго, О. Эшкаравге, С. Үрүсбаевге жана керектелүүчү (түтүкчөдөгү) суунунун жетекчиси Т. Култаевге милдеттендирилсин.
5. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну иштетүүдө тартип бузган атуулдарга административдик кодекстин негизинде чаралар көрүү аймактык тескөөчү Ж. Досалиевге милдеттендирилсин.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |