Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №7
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу, айлана чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо боюнча тиричилик калдыктарын (мусорду) көмүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу, айлана чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо боюнча тиричилик калдыктардын (мусорду) көмүү жөнүндө жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы айлана чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо боюнча катуу тиричилик калдыктардын (мусорду) көмүү үчүн 4 айылга таштанды полигонунун, үкөктөрүнүн, жерлерин аныктоо, мыйзам ченемдүү ажыратып берүү жер адиси А. Алымкуловго милдетендирилсин.
2. Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу боюнча ар бир мекеме ишканаларда, соода түйүндөрүндө таштанды үкөктөрүнүн коюлушу мектеп директорлору: А. Акишов, Т. Буйлашов, ҮТДнын жетекчиси Б. Жумабеков, аймактык оруукананын жетекчиси Н. Шадыбеков, айылдык ФАПтын жетекчилери Р. Асылбекова, С. Мырзалиев, А. Чойбекова, маданият үйүнүн жетекчилери А. Мырзалиева, У. Наркулова, соода түйүндөрүнүн кызматкерлеринен милдеттендирилсин.
3. Айылдын борбордук бөлүгүндөгү соода түйүндөрүнүн ээлерине
Дарчибаев Ө.
Токтосунов Т.
Садырова С.
Шакиев Ж. (АЗС, соода түйүнү)
Шакиев М.
Бабаназарова Д.
Төрөкулов К.
Нарбаев Б.
Шадыканов А.
Досоева Х. (соода түйүнү, кафе)
Бокоева Н. (аптека)
эшиктин алдына таштанды таштоого үкөкчөлөрдү орнотуу, таштандыларды ташып чыгуу (эски өлүк канага) жагы милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы талаптарды аткарбаган атуулдарга санитардык жобонун негизинде айып салынары эскертилсин.
5. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы айлана чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо боюнча аткарылган жумуштарды көзөмөлөө айылдык кенештин туруктуу комиссиянын төрагасы С. Мамытовго милдеттендирилсин.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
7 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин
Төрага | Т. Эшалиев |