Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №9
Ак-Суу айыл аймагына караштуу “Төө-Басты, Кум-Булун, Мор-Булак” айылдарына статус берүү жөнүндө чек арасынын план картасын чийүүгө карата акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагына караштуу “Төө-Басты, Кум-Булун, Мор-Булак” айылдарына статус берүү жөнүндө чек арасынын план картасын чийүүгө карата акча каражатын бөлүү жөнүндө туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагына караштуу “Төө-Басты, Кум-Булун, Мор- Булак” айылдарына статус берүү жөнүндө чек арасынын план картасын чийүүгө карата 91 571 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагына караштуу “Төө-Басты, Кум-Булун, Мор-Булак” айылдарына статус берүү жөнүндө чек арасынын план картасын чийүүгө карата 91 571 сом акча каражатын бөлүп берүү ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К. Мусабаеге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык туруктуу комисииясынын төрагасы Д. Шадыкановго жана анын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эшалиев |