Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 1
Кара-Суу айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн дан эгиндеринин 15,0 га аянтын чөп катары чабылганын белгилөө жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба, жер адиси Үшүмбаев Жээнбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жашаган он бир жашоочунун айдалган дан эгиндерден 2017-жыл ичинде 15,0 га арпа бышып жетилбей чөп катары чабылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл аймагы боюнча 2017-жылы чөп катары чабылган дан эгиндеринин аянтын райондук статистика бөлүмүнө билдирүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Үшүмбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Иманкулов |