Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 25.09.2017-жылдагы № 08-994-сандуу каты жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевдин Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 25.09.2017-жылдагы № 08-994-сандуу каты жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016- жылдагы № 202 токтомуна ылайык «Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын» аткаруу үчүн макулдук берилсин.
2. Айыл аймагы боюнча жогорудагы токтомго ылайык, банк мекемелери жок алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты төлөө эсебине накталай акча каражаттарын кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Жогорудагы милдеттерди аткарууга алуу, райондук салык кызматы менен бирге иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн салык-жыйымдары боюнча жетектөөчү адиси В.Касымбековага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Иманкулов |