Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июну №14/65
Д.Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Калкты газета журналдар, пенсия, посбие менен камсыз кылууда жана маалыматтык күркөө аркылуу элди тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айылындагы Д.Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы Б.Муратбек кызынын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты газета журналдар, пенсия, посбие менен камсыз кылууда жана маалыматтык күркөө аркылуу элди тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Д.Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы Б.Муратбек кызын маалыматы канааттандырылык деп табылсын.
2. Байланыш бөлүмүнүн мындан аркы иштерин жакшыртуу менен калкты кечиктирилгиз тейлөөнү камсыз кылуу жагы Д.Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы Б.Муратбек кызынмилдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |