Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июну №14/67
Ак-Кыя айылынын Коргондуу-Булак учаскасынын жашоочусу Ш.Эрмековдун сарайынын жанынан жер аянтын кароо жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишов Ак-Кыя айылынын Коргондуу-Булак учаскасынын жашоочусу Ш.Эрмековдун өзүнө тиешелүү сарайынын жанынан курулуш курууга кошумча жер аянтын сурап арыз менен кайрылгандыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылынын Коргондуу-Булак учаскасынын жашоочусу Ш.Эрмековдун сарайынын жанынан сураган жер аянты облустук маанидеги мал айдап өтүүчү жол болгондугуна байланыштуу бул жер Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 17-беренесие ылайык облустук мамлекеттик администрациянын компетенциясына киргендиктен айылдык кеңештин компетенциясына кирбегендиги белгиленсин.
2. Ак-Кыя айылынын Коргондуу-Булак учаскасынын жашоочусу Ш.Эрмековдун сарайынын жанынан сураган жер аянтын Нарын облустук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте кароо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |