Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу №15/70
Сары-Булак айылдык фельдшердик-акушердик пункттун жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Сары-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун башчысы А.Бекжан кызынын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Сары-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун башчысы А.Бекжан кызынын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын
2. Сары-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун башчысы А.Бекжан кызына айыл элин сапаттуу тейлөө, социалдык ооруулардын алдын алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын өз убагында билип туруу, рецеп менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды өз учурунда көрсөтүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |