Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу №15/72
Жыл башындагы бекитилген акча каражатын которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 16-январь 2018-жылдагы кезектеги XII сессиясында бош калган каражаттан ар кандай долбоорлорго каралган 160167 сомдон кызматтык авто унаага 20,0 сом, дренаждан суу өткөрүүгө 4 турба алууга 32,0 сом, маданият үйүнүн электро проводдорун алмаштырууга 5,0 сом баардыгы 57,0 сомду жана атайын каражат эсеп счетун түшкөн 50,0 сом акча каражатынан “Көчмөндөр жаңырыгы” маданий республикалык сынагына катышууга 5,0 сом, муниципалдык имараттарды камсыздандырууга 10,0 сом, калктуу конуштардын план схемаларын даярдоо үчүн10,0 сом, айыл өкмөтүнүн конторунун шифирын которууга 25,0 сомду пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл башында бош калган каражаттан ар кандай долбоорлорго каралган 160167 сомдон төмөдөгү статяларга
2214- кызматтык авто унаага 20,0 сом;
3112- дренаждан суу өткөрүүгө 4 турба алууга 32,0 сом;
2215- маданият үйүнүн электро проводдорун алмаштырууга 5,0 сом
Баардыгы 57,0 сомду которуп пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетун түшкөн 50,0 сомдон төмөдөгү статяга
2215- муниципалдык имараттарды камсыздандырууга 10,0 сом
2215- калктуу конуштардын план схемаларын даярдоо үчүн10,0 сом
2215-Көчмөндөр жаңырыгы” маданий сынагына катышууга 5,0 сом
2221-контордун шифирин которуга 25,0 сом
Баардыгы 50,0 сомду которуп пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |