Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-августу №16/74
Кара-Кужур айылдык өндүрүштүк кооперативинен сатылып алынган бала бакчанын имаратын мамлекеттик катттоодон өткөрүү жөнүндө
Ак-Кыя айылындагы Кара-Кужур айылдык өндүрүштүк кооперативинин башкармасынын жана кооператив мүчөлөрүнүн биргелешкен чогулушунун 15-июнь 2012-жылдагы № 3 токтомунун жана Сары-Булак айылдык кеңешинин 26-июнь 2012-жылдагы №24/179 токтомунун негизиндеги Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 11-сентябрь 2012-жылдагы №34 чечими менен кооперативдин кеңсеси айыл өкмөтүнүн мунципалдык менчигине өткөрүлүп берилип мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы «Нарист-Ак-Кыя» бала бакчасынын башчысы Д.Самүдүновага милдеттендирилген бирок акча каражаты каралбагандыктан бүгүнкү күнгө чейин бала бакчанын имараты мамлекеттик каттоодон өткөрүүлбөгөндүктөн акча каражатын карап айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке каттатууга макулдук берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак- жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Иманкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы Кара-Кужур айылдык өндүрүштүк кооперативинин кеңсеси сатылып алынып «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасына пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бала бакчанын документерин мыйзамдаштурууга акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго тапшырылсын.
3. Сатылып алынган имаратты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак- жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис К. Иманкуловага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |